Сүрөттөр. Дене мүчөсүн жылаңачтоодон тайманбаган кыргыз кыздары
Заман өнүгүп глобалдашуу күчөгөн сайын каада-салт, үрп-адат деген сыяктуу баалуулуктар жоголуп баратат. Ааламдашуу заманында техникалар өнүккөн сыяктуу эле кыргыз кыздары да “өнүгүүнүн” үстүндө. Barometr.kg сайты кыргыз шоу-бизнесинде дегеле интернет булактарында таанымал болгон, денесин ачык көрсөтүүдөн тартынбаган кыздарды тизмектеди.
Бегимай Карыбекова
Модель, бир нече дүйнөлүк деңгээлдеги сулуулар сынактарынын катышуучусу. “Мисс Кыргызстан” сынагынын жеңүүчүсү. Карыбекова өзүнүн инстаграм баракчасынан көпчүлүк менен дене-мүчөсү ачык көрүнгөн сүрөттөрүн бөлүшүүдөн тартынбайт. Анын хейтерлерине караганда күйөрмандары басымдуулук кылат.
Салтанат Шакенова
Бул ырчы айым өзүнүн дене-мүчөсүн мактан тутаарын өзүнүн баракчасына жүктөгөн сүрөттөрү менен далилдеп келет. Салтанат Шакенова көпчүлүк менен ачык айрым сүрөттөрүн бөлүшүп тим болбостон элди ал тарапка жаман сөз айтпоосун талап кылат. Айрымдар Шакенованы кыргыздын Ким Кардашяны деп да атап коюшат.
Лира Севен
Лира Севен ырчы, бийчи. Анын клиптери чындыгында кыргыз патриотторунну кыжырын келтире турган даражада тартылаары талашсыз. Ал өзүнүн дене-мүчөсүнүн артынан атактуулука жеткен десек да болчудай. Мына ошондуктан да өз дене-мүчөсүн элге бөлүшүүдөн эч тартынбайт.
Назира Айтбекова
Айтбекова өзүнүн дене-мүчөсүн ачык көрсотпөсө да ал жолдошу менен ажырашкандан кийинки баракчасынан бөлүшкөн сүрөттөру дале болсо талкуу чордонунан түшпөй келет. Ал эми алып баруучу сүрөттөр мынчалык талкууга алынып кетээрин күтпөгөнүн айтканы бар. Учурда Назира Айтбекова интернет баракчасы аркылуу өзүн блогер катары сынап келет.
Чолпон Талипбек
Ырчы Чолпон өткөн жылдын күз айларында төшүн чоңойтуу үчүн пластикалык операция жасаткан. Кызыгы ал бул жагдайды көмүскөдө калтыруунун ордуна көпчулүк менен бөлүшкөн. Анын бул аракети көпкө чейин маалымат каражаттарынын жана интернет булактарынын бетинен түшпөй кызуу талкуу жараткан. Ырчы азыр да өзүнүн кооз келбети менен бөлүшүп келет.
Самара Кадырова
Бул кыз ырчы да бийчи да эмес, бирок анын жүрүш-турушу, өзүн алып жүрүүсү тууралуу кеп кылгандар аз эмес. Самара Москва шаарында эмгектенип жүргөн мигрант кыз. Ал акыркы учурарда кеңири тараган “хайп” кылуу жолу менен өзүн таанытып, инстаграм баракчасына катталуучуларды чогултуп келет.
Эланора Кеш
Эланора Бишкектеги алдыңкы сулуулук салондорунун негиздөөчүсү. Ал өзунүн инстаграмдагы баракчасынан “ысык” сүрөттөру менен байма-бай бөлушүп туратю Кештин өзүнүн күйөрман кыздары да бар.
Жика
Жика каймана аты менен белгилүү болгон Америкада жашаган кыргыз кызы. Ал алгач модель болуп кийин кесибинин арты менен бир топ клиптерге тартылууга, таанымал болууга жетишкен. Жиканын жазган постторун кыргыз улутундагы гана эмес башка чет мамлекеттин өкүлдөрү да окушат.
Жогоруда аты аталгандар интернет учүн, хайп үчүн “жылаңачтанган” кыздардын жүздөн бир бөлүгү гана. Акыркы учурларда мындай жагдайлардын көбөйгөнүн ар бир кадамда байкоого болот.
Ссылка: https://barometr.kg/srttr-dene-mchsn-zhylaachtoodon-tajmanbagan-kyrgyz-kyzdarynyn-zhyjnagy
Добавить комментарий ×