Сүрөт. Төшүн ачык көрсөткөн депутат-модель кайрадан талкууда

18 апрель 2019 09:27 12172 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүккө төшүн ачык көрсөтүп, мода кылып таанымал болгон казактын депутат-модели Динагүл Тасова кайрадан эл назарында.

Болгондо да ал болуп өткөн сын пикирлерден кийин кайрадан эле баягыдай ачык кайнөктө эл алдына чыкты.

Маалым болгондой Динагүл Тасова шаардык жаштар маслихатынын 7-чакырылышынын депутаты болгон. Модель өзүнүн төшү ачык көрүнүп турган сүрөттөрүн инстаграм баракчасына да жүктөп жетишти. Модель болуп өткөн кече тууралуу:

“Мен модель катары көптөгөн чет өлкөлөрдө сахнага чыгып келгенмин. Өзүбүздүн өлкөдө чыгууну кыялданчумун”, -деген пикири менен бөлүшкөн. Албетте, интернет колдонуучулары Диангүлдүн бул чыкканын жылуу кабыл алышкан жок. Тасова көптөгөн ачуу сөздөрдүн ур-токмогунда калды.

Маалым болгондой, Динагүл Тасова буга чейин да төшүн көрсөтүп мода көргөзгөндөн кийин жигити сабап салганын кабарлаган эле.

Ссылка: https://barometr.kg/srt-tshn-achyk-krstkn-deputat-model-kajradan-talkuuda



Добавить комментарий