Курсагын сылап көз жарам деп турган шоу бизнестин сулуулары

27 март 2019 15:20 6311 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Быйыл, 2019-кара кийик жылында кош бойлуу болуп курсактарын сылап, жакында көз жарам деп турган шоу-бизнес чөйрөсүнүн сулуулары кимдер экендигине Barometr.kg сайты тизмектеди.

Эң алгач эле сап башынан ырчы Асель Кадырбекова орун алды. Учурда Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип туң наристесин күтүп турган чагы. Жубайлар наристенин ким экенин айтпаса да көпчүлүк алдын ала “кыз болотго” деген тыянака келип коюшту. Асель Кадырбекова кош бойлуулугун көпко чейин жашырып жүрүп анан ана ачыкка чыгарган. Ырчы азыр кош бойлуулуктун 9-айында. 

Бийчи жана реп ырчысы Баястандын колунтусу Зулфия Лансарова да кош бойлуулуктун акыркы айларын өткөрүүдө. Эки жаш кыздуу болоорун Зульфия жолдошуна өзгөчо жол менен сүйүнчүлогөн. Ага кошума Лансарова бийи болгондуктан томпойгон курсагы менен бир кана жолу бийлеп чыгып элди таң калтырган. Ал тургай ал кечээ, 26-мартта Айдана Деканын тоюнда да башка курбуларынан кем калбай бийлегени көпчүлүктүн көңүлүн бурду.  

Ырчы Асконун колуктусу  Бегаш да кош бойлуу. Эки жаш мына мына деп экинчи наристесин күтүп жаткан учуру. Аско менен Бегаштын Дария аттуу кыз наристеси бар.  

Ырчы Арсендин келинчеги Бегайым да кош бойлуу сулуулардын катарынан орун алды. Бирок Арсен да Бегайым да наристе күтүп жатышкандарын элге ачыктай элек. Ошентсе да сурөттөр сүйлөсүн! 

Шоумен Санжар Мыкыев менен жубайы Наристе да белек күтүп жаткандардын катарында. Бул сүйкүмдүү жубайлардын Фатима аттуу кызы бар.

Ырчы Гүлжигит Калыковдун жубайы Айпери да кош бойлуу келиндердин катарынан орун алды. Учурда бул сүйкүмдүү жуп Умар аттуу уул наристесин тарбилоодо.

Тамашоучу Кубаныч Курманбеков жубайы Замира Замирбекова менен 2-наристесин күтүп жатканы белгилүү болду. Эки жаштын Жамил аттуу уулу бар. 

 Barometr.kg сайты кош бойлуулардын аман-эсен көз жарып алышына тилектеш!

Ссылка: https://barometr.kg/srt-kursagyn-sylap-kz-zharam-dep-turgan-shou-biznestin-suluulary



Добавить комментарий