Сүрөт. "Дүйнө сулуусу 2018" сынагына трансгендер катышып жатат
Маалым болгондой Таиландта "Дүйнө сулуусу 2018" сынагы өтүп жатат. Сынакта жалпысынан 93 өлкөнүн атынан барган сулуулар ат салышууда. Бул жана башка маалыматтар тууралуу Кыргызстандын атынан барган Бегимай Карыбека өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу маалымат берүүдө.
Сынакта Испаниянын намысын трансгендер коргоп жаткандыгы белгилүү болду. "2012-жылы коркурстун мурдагы ээси трансгендерлерге сынака катышууга уруксат берген. Мына мен биринчи жолу сынака катышып жаткан трансгендер менен турам. Ал өзгөчө сулуу кыз! Мен суктандым!" -деп пост жазды Карыбекова.
Бул постту жазаары менен анын окурмандары Испаниялык "сулууну" катуу сынга алды, бирок, албетте бул туура дегендер да болду.
Модель Мээрим Атантаева да мындай пикирге каршы экендигин билдирди. Көпчүлүк "бул туура эмес да", "кантсе да аял аял бойдон, эркек эркек бойдон калышы керек", "Испанияда кыздар жок калганбы?" деген өңдүү терс пикирлерди калтырышууда.
Эске салсак, сынактын жыйынтыгы 17-декабрда Бангкокто болуп өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/srt-djn-suluusu-2018-synagyna-trangender-katyshyp-zhatat
Добавить комментарий ×