Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова Варшавада боло турган эл аралык турнирге катышат

21 май 2021 15:47 2137 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы 8-14-инюда Варшавада боло турган Poland Open рейтингдик эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, спортчу кыздар мелдешке жакшылап даярдануу үчүн 22-майдан 7-июнга чейин Эстониянын Таллин шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат.

Окуу-машыгуу жыйынга төмөнкүлөр катышат:

1. Айсулуу Тыныбекова 62 кг;

2. Айпери Медет кызы 76 кг;

3. Мээрим Жуманазарова 68 кг;

4. Нураида Анаркулова 59 кг;

5. Назира Марсбек кызы 59 кг;

Ошондой эле, спортчу кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева жана массажист Константин Еремич коштоп барат.

Эскерте кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/sportchu-kyzdar-varshavada-bolo-turgan-el-aralyk-turnirge-katyshat



Добавить комментарий