Спирт ичимдиктеринин адамдын организмине таасири кандай?

28 апрель 2022 08:10 15969 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бир нече жылдар бою ашыкча спирт ичимдигин ичүү адамдын баардык органдарына таасир берет. Иммундук системанын начарланышы, ашказандын иштешин начарлатат, нерв системалары бузулат, жүрѳк оорусуна чалдыктырат, рак оорусуна алып келүү менен ѳлүмгѳ алып кетет.
Мындан тышкары, спирт ичимдиктерин  ичүү психикалык жана социалдык жактан терс таасир берет. Бүгүн сиздерге спирт ичимдиктеринин адамдын организмине кандай таасир берерин фактылар менен   Barometr.kg маалымат агенттигинде карайбыз. 

Арактын адамдын организминде ченемден кѳп  болгондогу кесепеттери

Качан канда спирт ичимдигинин кѳрсѳткүчү ѳтѳ жогору болгондо  ал мээнин иштѳѳсүн жабыркатат. Бул дем алуунун начарлатып, жүрѳктүн иштѳѳ ритми басаңдайт, дененин температурасы тѳмѳндѳйт. Мындай учурда адамдын уйкусу эле келе берет, эсин жоготуу коркунучу да бар. Бул кусуу рефлекстеринин иштешин токтотуп салат, коркунучтуусу адам ѳзүнүн кусундусуна какап ѳлүшү мүмкүн. Баардык мүчѳлѳргѳ терс таасирин тийгизип, иштешин начарлатат.

Арактын мээге таасири

Спирт ичимдиги организмге киргенден кийин тез эле канга аралашып, мээге жетет. Бул ичимдиктер эс алдырып, мээдеги серотинди жогорулатат( жакшы маанай тартуулочу гармонду жайылтат). Ошондой эле, мээдеги сүйлѳѳ жана ойлонуу бѳлүгүн кысып салат. Мас абалда кулак жакшы укпай, кѳз жакшы кѳрбѳй калат. Дененин сезгичтиги басаңдайт.

Биздин эмоциябызды башкарган лимбикалык системабызга тескери  таасир берип  туура эмес иштеп калат. Мисалы мас абалда бирѳѳ ѳтѳ агресивдүү болуп, согушкусу келсе, экинчиси токтобой ыйлайт, башкасы кубанып, элдин баарын жакшы кѳрѳрүн кыйкырып, жарыялайт. Ушундай эмоционалдуу абалда кѳп нерсени эсине тута албай калат. Себеби арак мээнин эске тутуу, контрольдоо, кабылдоо системаларын жабыркаткандыктан.

Ушундай абалда эс тутуму жабыркайт, убактылуу амнезияга чалдыгат. Өтѳ кѳп спитр ичимдигин ичип алганда денесин башкара албай кулап калат. Спирт ичимдиги баш мээдеги бѳйрѳктүн иштешин башкарган гармонго киргенде адам дааратканага тез-тез бара берет. Организмдеги суунун балансын башкарылбай калгандыктан тез заара кылгысы келип турат.  Эртеси күнү дененин кургашы, организмде суунун курамы тѳмѳндѳп, баш ооруп, оозу кургап калат. Эртеси кайра арак ичип баш жазганда жакшы таасир бербейт.

Нерв системаларына тийгизген таасири

Качан унитазды кучактап калганыңда, шампан сен үчүн ширин болбой калат. Ошондуктан абайла.Узак убакытта арак ичкен адамдын мээсиндеги олуттуу ѳзгѳрүүгѳ дуушар болот. Мээ спирт ичимдигине каршы чыгып, иштешин сактап калуу үчүн күрѳшѳт. Ошол себептен активдүүлүк күчѳп нейротрансмиттер пайда болот. Мындай учурда адам улам-улам арак ичкиси келип, ѳзү каалаган тлап кылган абалга жеткиргиси келе берет. Эгерде дароо токтотуп койсо кыйналат. Кээ бир адамдарда нерв системалары жабыркап, сѳѳктѳрү какшап ооруп, жүлүндѳрү алсыз болуп, буттары иштебей, сайгылашып ооруйт. Алкоголь тиаминдин жетишсиздигине алып келип, мээнин ылдыйкы бѳлүгүнүн жабыркашына шарт түзѳт. Бу л ѳмүргѳ коркунуч туудуруп, Вернике-Корсакова оорусуна чалдыктырат.

Вернике-Корсакова оорусу булчуңдардын иштешинин жабырканышы,эсин жоготуп кою, жаңы нерселерди дагы эстей аблаган абал. Кээ бир адамдар эпилепция оорусу менен да оорушат. Бул оору тукум кууйт.

Алкоголдун жүрѳккѳ таасири

Кандын курамына кирген алкоголь кан тамырды кеңейтип, булчуңдарды эс алдырып, магдыратат. Бул кан басымдын тѳмѳндѳп, кан тез айланып, дене жылып баштайт. Качан кан басым тѳмѳндѳгѳндѳ, пульс басаңдап, организмге  кандын жетиштүүлүгүн камсыздоо үчүн  жүрѳк катуу иштеп баштайт. Алкоголизм жүрѳк кан тамыр ооруларына, жүрѳктүн иштешин басаңдатат, коранардык артериянын жабыркашына алып келет.

Тамак сиңирүү системасына таасири

Спирт ичимдиктери иче-карынга да таасир берип, зарына кылат. Кекиртектин былжырчасын жабыркатып, рак оорусуна чалдыктырат. Ашказан оорусу гастрит менен ооруйт. Ашказанынын жогору жагы сайгылап,бурап оорутуп, жүрѳктү айлантып, кускуну келтирет. Жоон ичеги менен ичке ичегинин булчуңдары кыскарып, ич ѳтѳт кан куюлат. Ошондой эле башка органдарга да терс таасир берет, боор жабыркайт. Алкоголь боорду май басып калуусуна шарт түзѳт. Эгер арак ичкенди таштаса май жоголот. Алкаштардын 35%  алкоголдук гепатит менен оорушат. Ал боорун цирроз оорусуна алып келет. Бул адамды ѳлүмгѳ алып келүүчү коркунучтуу оору. Панкретит да болот

Иммундук системага таасири

Иммундук системаны жабыркатат. Организм инфекциялар менен күрѳѳшүүсү басаңдайт. Бул канда лейкоциттердин азайышы менен. Кургак учук, ѳпкѳгѳ суук тийген инфекциялык ооруларга тез чалдыгышат. Бул рак оорусуна жабыркоого шар түзѳт.

Ссылка: https://barometr.kg/spirt-ichimdikterinin-adamdyn-organizmine-taasiri-kandaj



Добавить комментарий