Бишкекте лицензиясы жок алкоголь саткан 6 дүкөн аныкталды

12 август 2020 17:09 1422 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Салык кызматы Бишкекте лицензиясы жок алкоголь саткан 6 дүкөндү аныктады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында өткөн рейддин жүрүшүндө Шота Руставели көчөсүнөн сатууга тиешелүү лицензиясы жок спирт ичимдиктерин сатып жаткан 6 түйүндү (дүкөндү) аныкташты. 

Ар кандай идиштеги жана аталыштагы 606 бөтөлкөдөн турган спирт ичимдиктери тартып алынды.

Ишкерлерге карата КРнын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып салынды 

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-kyzmaty-bishkekten-licenziyasyz-alkogol-satkan-6-dknd-anyktady



Добавить комментарий