Сот тележурналисттерди ТЭЦти жаңылоо боюнча процесске киргизген жок

10 апрель 2019 10:50 992 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 10-апрелде  Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө кылмыш ишин кароо башталды. 

Процесстин башталышында айыпталуучулардын жактоочулары баардык журналисттерди жыйын залына киргизбегенине нааразы болушту. 

Бирок судья буга макул болгон жок, анын маалыматына караганда ЖМК өкүлдөрүнө жыйынды чагылдырууга мүмкүндүк берилген. 

"Эгер журналисттер өздөрү кирбесе биз аларды колдон жетелеп кирбейбиз”,-деп кесе айтты судья. 

Процесс телеканалдын журналисттеринин катышуусуз өтүп жатат.   

Ссылка: https://barometr.kg/sot-telezhurnalistterdi-tecti-zhayloo-boyuncha-processke-kirgizgen-zhok



Добавить комментарий