Сот Кулматова менен Ибраимовду УКМКнын абагында калтырды
Бүгүн, 24-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибаримовдун соту уланды. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы кабарлады.
Өткөн жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кулматов, Ибраимов жана башка иши каралып жаткан адамдарды 1-СИЗОго которуу өтүнүчү мнен кайрылган. Коопсуздук комитети УКМКнын абагында орун жок калганын жүйө келтирген.
Жактоочулар аларды башка изоляторго которууга каршы болушту. Алар соттолуучулар үчүн бул эң жаман абал экенин айтты.Мындан тышкары тараптар кат мыйзам бузуу менен жазылганын айтышты. Жактоочулардын айтымында кат өтүнүч кат түрүндө берилиши керек.
Судья аларды башка изоляторго которуудан баш тарткан чечим кабыл алды.
Ссылка: https://barometr.kg/sot-kulmatova-menen-ibraimovdu-ukmknyn-abagynda-kaltyrdy
Добавить комментарий ×