Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

6 декабрь 2018 11:20 942 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 6-декабрда Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

Президент жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын расмий эмес жолугушуусуна катышат.

Анын алкагында тараптар тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө мамлекет башчылары "Щелкунчик" балетин көрөт.

Жээнбековду коштоп Данияр Сыдыков, Жеңиш Раззаков, Олег Панкратов жана башка министрлер жана аппаратта иштеген орун басарлар кетти. 




Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-sankt-peterburg-shaaryna-uchup-ketti



Добавить комментарий