Соодагерлер соцтармактардагы калп маалыматтарга нааразы болушууда

3 июнь 2019 16:01 1944 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы ири базарлардын өкүлдөрү журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, такталган маалыматтарды гана жазууну суранышты жана жалган маалыматтын алардын ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирине токтолушту. 

Алардын айтуусунда, сайттардын биринде чет өлкөгө акча каражатын алып чыгып кеткен Айэркин Саймати тууралуу маалымат чыккан. Бул Кыргызстандын кичи жана орто бизнесине сокку болот.

«Элдер ишкерлерге ишенбей, кандайдыр бир мыйзамсыз иштерди жасашат деген ойдо калышат. Биз Сайматиден маалыматты тактадык, «Азаттыктагы» эмне маалымат, анын канчалык чындыгы бар деп. Ал бул маалыматты көрсөтүүнү убада кылды. Ага чейин ишкерлер жабыркап жатат. Белгилеп койгум келет, банктар аркылуу акча каражатын мыйзамсыз чыгарып кетүүгө мүмкүн эмес. Анткени бардык банктардагы операциялар мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп турат, мыйзамсыз иш үчүн алар лицензиясынан кол жууйт» — дейт юрист Муса Бейшенов.

«Дордой» базарынын өкүлү Самат Абдурахмановдун айтуусунда, кытайлык ишкерлер биздин ишкерлерге биринчи товарларын жиберишет, андан соң гана алардын акчасы которулат.

«Эми кытайлар товарды мөөнөтүн узартып беришпейт. Бул биздин ишибизге терс таасирин тийгизет жана Кыргызстандын экономикасына сокку урат деп айтсак да болот» — дейт Самат Абдурахманов.

Эске салсак, Өткөн аптада "Азаттыкка" "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган иликтөө жарыяланган. Андан кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бакир Таиров аталган акчалар "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларындагы соодагерлердин товар алып келүү үчүн жиберген акча каражаттары экендигин белгилеген.

Ссылка: https://barometr.kg/soodagerler-soctarmaktardagy-kalp-maalymattarga-naarazy-bolushuuda



Добавить комментарий