Сочиде болгон суу ташкынынан төрт киши каза тапты
Бөлүшүү:
Россиянын түштүгүндөгү Сочи курортунун аймагында болгон суу ташкынынан төрт киши каза тапты. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар берген маалыматка таянуу менен “Барометр” билдирет.
36 жаштагы аял жана 13 жаштагы кыз сууга агып кетип көз жумушту.
Ал эми суу каптаган башка жерден мерт болгон 71 жаштагы эркек менен жаш кыздын сөөгү табылды.
Начар аба ырайынан улам бийлик аймактагы бир канча жерге өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Сочи шаарында бир нече квартал суу алдында калды.
Ссылка: https://barometr.kg/sochide-bolgon-suu-tashkynynan-trt-kishi-kaza-tapty
Добавить комментарий ×