Сүйүнчү! Валентина Шевченко UFC чемпиону аталды

9 декабрь 2018 13:03 1318 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бүгүн, 9-декабрда UFC чемпиону аталды. Чемпиондук титул үчүн беттеш Канадада өттү.

Валентина Шевченко  Польшалык мушкер Йоанна Ежейчикти 5 раунддун негизинде 4-1 эсеби менен утуп алды.

Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат. Кийинки жылдары эрежесиз мушташ боюнча эл аралык таймаштарда ийгилик жаратып келатат. “Аялдар арасындагы мыкты тайбоксчу” наамы бар. Алгачкы титулун таэквондо боюнча 2002-жылы алган.

Ушуну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду.

Эске салсак, буга чейин эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон

Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-valentina-shevchenko-ufc-chempionu-ataldy



Добавить комментарий