Сүйүнчү. Нурзат Токтосунова кыз төрөдү
Бөлүшүү:
Белгилүү теле алып баруучу Нурзат Токтосунова көз жарды. Бул тууралуу алып баруучунун жолдошу Максат Надырбеков өзүнүн инстаграм баракчасынан сүйүнчүлөдү.
Сүйүнчү постко Надырбеков:
"Сүйүнчү! Кудайым бизге кыз берди! Миң шугүр, баарыңарга биздикиндей кубаныч каалайбыз. Айына жетпей төрөлүп калды, кызыма батаңарды берип койсоңор", -деп жазып, көпчүлүктөн жаңы төрөлгөн наристесине бата сурады. Ага кошумча жубайы Нурзат Токтосуновага рахматын айтты.
Көпчүлүк жабыла жубайларды куттуктап, жакшы каалоо тилектерин жазып калтырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-nurzat-toktosunova-kyz-trd
Добавить комментарий ×