Ошто 16 жаштагы өспүрүм көз жарды

16 август 2022 13:31 2825 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Ноокат районунда 16 жаштагы өспүрүм көз жарганы кабарланды. Маалыматты "Барометрге" Ош ОИИБдин маалымат кызматы тастыктады. 

Буга чейин, Ноокат райондук төрөт үйүндө 16 жашар кыз көз жарганы кабарланган.

"Аталган окуя Ноокат РИИБ тарабынан каттоого алынып, шектүү кармалды. Учурда шектүү тергөөчүлөр тарабынан сурака алынып жатат. Ошондой эле, бул окуя Ош облустук прокуратура тарабынан жеке көзөмөлгө алынды.
Ал эми, кыз жашы жете элек өспүрүм болгондуктан мындан башка маалымат азырынча бере албайбыз", -деди милициядан.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-16-zhashtagy-sprm-kz-zhardy



Добавить комментарий