Сүйүнчү! "90-60-90" фигуралуу Кундуз Канатбек кызы эне статусуна ээ болду
Бөлүшүү:
"90-60-90" дуэт менен белгилүү болгон ырчы Кундуз Канатбек кызы көз жарды. Бул тууралуу анын кесиптеши жана сахналаш курбусу Асель Кадырбекова өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Кадырбекова постко:
"Кундуз Канатбекова эне статусун алышыңыз менен куттуктайм. Кандай бакыт! Кызыңыздын ден соолугу чың жана бактылуу болсун", -деп жазып элге сүйунчүлөдү.
Постко көпчүлүк Канатбек кызын куттуктаган сөздөрүн жазышып, аны менен катар Асель Кадырбекованын да аман-эсен көз жарып алуусун каалашты.
Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-90-60-90-figuraluu-kunduz-kanatbek-kyzy-ene-statusuna-ee-boldu
Добавить комментарий ×