Сүйүн Өмүрзаков: Мени Оштогу мафия менен байланыштырган маалыматтар жалган
3-ноябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда Оштун жашоочусу Кайназар Идрисов ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун туугандарына нааразычылыгын билдирип, алар Ошто мафия түзгөндүгүн билдирген. Ал эми, Өмүрзаков бул маалыматты четке кагып, Идирисовдун айткандарынын баары жалган экенин “Барометрдин” журналисти менен болгон маек учурунда билдирди.
Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Оштогу мафияга тиешеси бар деген маалыматты четке кагып, төмөнкүлөрдү билдирди:
“Мен Идрисовдордун үй-бүлөсүн жакшы билем. Кайназардын Манас жана Адыл деген эки бир тууганы бар. Биз алар менен жакшы мамиледебиз жана достордонбуз. Эмнеге мага жеке өздөрү кайрылбагандыгына таң калычтамын.
Жайында эле мага абройлуу эки адам кайрылып, бул окуяларга менин тиешем барбы деген суроо менен кайрылышты эле.
Кайназардын билдирүүсүндө айтылган кызматтык өсүштөргө жана күзөт агенттигине менин жана бир тууганымдын эч кандай тиешеси жоктугун билдирем. Муну каралоо максатында кимдир-бирөөнүн аракети деп баалайм жана буйрутма берип таратып жаткандардын абийирине койдум.
Биринчиден, Идрисов маалымдаган “Мухаммад-Умар” спорттук клубу жеке көз карандысыз компания.
Экинчиден, Улукбек Өмүрзаков билдирүүдө айтылган күзөт компаниясынын ээси эмес. Спорттук клубдун катышуучулары күзөттөө милдетин дагы аткарышкан.
Ал эми, Эльнура Өмүрзакова боюнча айта кетсем, ал укук коргоо органдарында көп жылдар бою эмгектенип келген. Эгерде анын ишмердүүлүгүндө бузуулар орун алган болсо, аны көзөмөлдөй турган органдар бар.
Жалган маалыматты таратып жаткандарды жоопкерчиликке тартуу керек. Антпесе алар жоопкерчиликти сезишпей, өз кызыкчылыктары үчүн каралоолорун улантып, эл үчүн кызмат өтөп жаткандардын аброюна шек келтире берүүлөрүн токтотушпайт.
Ошондуктан, такталбаган жалган ушактарды коомчулукка тараткандарды укуктук талаада токтотуу керек. Бул үчүн укук коргоо органдары тыкыр иликтөөлөрүн жүргүзүп, адамдардын намысына жана абийирине шек келтиргендерге катуу чараларды көрүп берүүнү сунуштайм”, - деди Өмүрзаков.
Добавить комментарий ×