Сүйүмбек ажы Жусубалиев: Орозо пенденин жан дүйнөсүн көркүнө чыгарат

19 апрель 2021 09:53 4208 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва шаарындагы кыргызстандыктар менен Сүйүмбек ажы Жусубалиев жоолугуп, орозонун маанилүүлүгүн баяндады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ыйык Рамазан айына карата КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенген мекендештер менен жолугушуп, орозонун маанилүүлүгү, кайрымдуулук жана мээримдүүлүк боюнча баяндамасын жасады.

Муну менен катар ыйык Рамазан айы боюнча маалымат берип, мекендештерди ыймандуу, ынтымактуу, боорукер болууга чакырды.

«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат. 

Орозо рухтун эң даамдуу азыктарынын бири болуп эсептелет. Ал пенденин ден соолугун чыңдоо менен бирге, жана дүйнөсүн көркүнө чыгарат.

Андыктан жан дүйнөнү ыйманга толтурууга ар бирибиз далалат кылып, бул айды ибадат жана соопту иштер менен өткөрөлү», - деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү.

Ссылка: https://barometr.kg/sjmbek-azhy-zhusubaliev-orozo-pendenin-zhan-djnsn-krkn-chygarat



Добавить комментарий