Сүйүктүүсүнө сууда өскөн гүлдү үзүп берем деген жигит чөгүп каза тапты

24 июнь 2021 10:42 1876 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Акмоло областындагы Жабай көлмөсүнө жергиликтүү тургун сүйүктүүсүнө гүл үзүп берем деп жатып чөгүп кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Окуя 22-июнда болгон.1969-жылы туулган эркек киши жарандык никедеги жубайы менен балык уулоого барган. Бир аз кийинчерээк ал көлмөдө өскөн гүлдү үзүш үчүн сууга түшүп, ошол бойдон чөгүп кеткен.

Аны издөө үчүн Кокшетау шаарынын куткаруучулары тартылып 23-июнда сөөгүн табышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/sjktsn-suuda-skn-gld-zp-berem-degen-zhigit-chgp-kaza-tapty



Добавить комментарий