Сириядагы согушка катышып келген 28 жаштагы жаран кармалды

24 апрель 2019 12:46 1169 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун 28 жаштагы жоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинен кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак, 20-апрелде УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагына эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин кирүүсүнө бөгөт коюу боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте Сириядагы ЭТУ согушкери деп шектелип, издөөдө жүргөн 1991-ж.т. КР жараны “А.у.А.” кармалды.

Такталгын боюнча, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террористтик топко кирип, Сирия аймагындагы диверсиялык даярдыктан өтүп, согуш аракеттерине катышып келгени аныкталды.

2018-жылдын ноябрь айларында аталган А.у.А. ЭТУ башчыларынын тапшырмасын алып, колго жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менентеррордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп, жашыруун ячейка түзүү жана Сириядан согушкерлердин келүүсүн күтүп Борбордук Азия өлкөлөрүнөн “куралдуу жихад” жүргүзүү максатында Сирия аймагынан келген.

"Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү" беренси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМК тергөө-камак жайына киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/siriyadagy-sogushka-katyshyp-kelgen-28-zhashtagy-zharan-karmaldy



Добавить комментарий