Си Цзиньпин: АКШ менен Кытайдын кагылышуусу адам чыдагыс кесепеттерге алып келет

16 ноябрь 2023 13:43 1132 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын президенти Джо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Сан-Францискодо Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумунун саммити башталар алдында жолугуп, кол алышып учурашышты. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

 Кытайдын башчысы АКШ менен Кытайдын мамилесин “дүйнөдөгү эң маанилүү эки тараптуу мамиле” деп атап, Байден менен өзү “эки эл, дүйнө жана тарых үчүн чоң жоопкерчилик тартаарын” белгиледи.

 "Кытай жана АКШ өңдүү эки чоң өлкө бири-бирине далысын буруш мүмкүн эмес. Ал эми, кагылышуу жана тирешүү эки тарап үчүн тең адам чыдагыс кесепеттерге алып келет", - деди Си Цзиньпин.

 Кытай лидеринин айтымында, Жер планетасы "эки өлкөнүн тең гүлдөшү үчүн жетиштүү чоң" жана алардын биринин ийгилиги экинчиси үчүн мүмкүнчүлүктөрдү билдирет. 
Си Цзиньпин белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы атаандаштык "үстөмдүк кылуучу тенденция" болбошу керек Кытай, АКШ жана бүтүндөй дүйнө алдында турган көйгөйлөрдү чече албайт. 
Си Цзиньпиндин айтымында, Кытай менен АКШ ар кандай өнүгүү жолдорун басып өтсө да, ар башка маданияттарга, тарыхтарга жана социалдык системаларга ээ болгонуна карабастан, эки тарап тең өз ара урматтоо, тынчтыкка жанаша жашоо жана кызматташуу принциптерин карманса, алар өз ара кызматташууну уланта алышат.

 Жо Байдендин айтымында, өлкөлөр ортосундагы атаандаштык чыр-чатакка алып келбеши керек.

 “Биздин атаандаштык чыр-чатакка алып келбеши керек”, -деди Байден.

 Америкалык лидер Кытай Эл Республикасынын башчысын кабыл алуу ал үчүн «ырахат жана сыймык» экендигин баса белгиледи. 
Байден Си Цзиньпиндин принциптери менен дайыма эле макул боло бербестигин, бирок, алардын баарлашуусу “ачык жана чынчыл” болгонун белгиледи.

 "Дайымкыдай эле, бетме-бет баарлашууну эч нерсе алмаштыра албайт", -деди АКШ президенти.



Ссылка: https://barometr.kg/si-czinpin-aksh-menen-kytajdyn-tirelishs-zhana-kagylyshuusu-adam-chydagys-kesepetterge-alyp-kelet



Добавить комментарий