Швейцария Каримовдун соттолгон кызынын 131 млн долларлык активин Өзбекстанга кайтарып берет

14 сентябрь 2020 17:18 917 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбек бийлиги Швейцария менен Гүлнара Каримованын мүлкүнөн 131 миллион долларды өзбек тарапка кайтарып берүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу 14-сентябрда Podrobno.uz. басылмасы жазган маалыматка таянып «Барометр» билдирет.

Акчалар Швейцариянын банктарында 2012-жылдан бери сакталып турат. Каримова мамлекеттин мүлкүн өзүнө ыйгарып алган жана опузалап талап кылган деп айыпталып соттолгон. Гезиттин айтымында, келишим жакынкы аралыкта түзүлөт. Андан кийин документ юридикалык күчкө ээ болот. Активдер инвестицияларды туруктуу өнүгүү долбоорлоруна жана Өзбекстан жарандарынын жашоосун жакшыртууга багытталары айтылууда.

“Бул каражаттын сарпталышына ачык мониторинг жүргүзүү талап кылынат”, -деп билдирди Швейцария өкмөтү.

Каримованын 650 миллион швейцариялык франктан (715 миллион доллар) ашык мүлкү тоңдурулган бойдон калууда. Бир нече жыл мурун Өзбекстанда 48 жаштагы Гүлнара Каримовага каршы эки кылмыш иши козголгон. Ага мамлекеттин мүлкүн уурдаган жана салык төлөөдөн качкан деп айып тагылган.

Март айында сот Каримованы 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан, ал Ташкенттин жанындагы Зангиотинская аялдар түрмөсүнүн № 21 колониясында абакта жатат.

Ал бир нече өлкөлөрдө козголгон кылмыш иштерине катыштыгы бар. Ушул кылмыш иштеринин алкагында он чакты штатта анын кыймылсыз мүлкү жана жүздөгөн миллион доллар банктагы эсептери тоңдурулган.

Ссылка: https://barometr.kg/shvejcariya-karimovdun-sottolgon-kyzynyn-131-million-dollarlyk-aktivin-zbekstanga-kajtaryp-beret



Добавить комментарий