Айдоочусу жок унаалар жүк ташый баштады
Швецияда жүктү электр тогу менен жүргөн айдоочусу жок унаалар ташый баштады. Алар кадимки жол менен катташат. Бул долбоорду дүйнөдө биринчи жолу Einride компаниясы ишке ашырганын news.com сайты кабарлаган.
Автономдуу T-Pod 26 тонна жүк көтөрөт. Аны кабинасы жана айдоочусу жок. Үнөмдүүлүгү күйүүчү майлар менен жүргөн айдоочусу бар кадимки унаалардан 60 пайызга аз. Nvidia Drive платформасы менен башкарылат. Аралыктан айдаган оператор бир убакта 10 унааны көзмөлдөй алат. T-Pod башында кыска жолдордо сыналса, эми Швециянын борборундагы Йёнчёпинг өндүрүш аймагынан кампа, терминалдарга чейин каттайт.
Учурда 5G тармагы боюнча инфраструктуралардын жоктугу башкы маселе болууда.
Мындай унааларга тапшырыктар түшө баштады. Einride ишканасы кийинки жылга чейин айдоочусу жок 200 жүк ташуучу унааны жолго чыгарууну, андан соң АКШны базарына барууну көксөөдө.
Иштин башында турган шведдик Роберт Фальк ири жүк ташуучу ишканалар менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр башталганын айткан. Volvo компаниясынын мурдагы менеджери мындай долбоорлор автономдуу жол технологияны өнүктүрүүгө жардам берерин айтты. Инвесторлору Daimler Trucks корпорациясынын мурдагы директору Марк Листоселл сыяктуу адамдар.
Ссылка: https://barometr.kg/shveciyada-ajdoochusu-kabinasy-zhok-unaalar-zhk-tashyj-bashtady
Добавить комментарий ×