“Шумкар” атайын багыттагы полкунун аялдар кеңеши гуманитардык жардам көргөзүштү

30 апрель 2020 14:35 1091 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген күндөн тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин «Шумкар» АБПнын Басма сөз кызматы билдирди. 

Ар бир өлкөнүн тартибин, жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милиция кызматкерлери эл-жеринин сакчысы ошону менен бирге, кандай кырдаал орун албасын антына бекем туруп өз эл журтун коргоп эрдиктерин көргөзүшүп келет, ал эми ошол эрдиктер, жеңиштер айрым учурларда жоготуулар менен коштолоорун тана албайбыз.

Бүгүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун аялдар кеңеши полктун ардагерлер кеңеши менен биргеликте демилге көтөрүп, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана көп балалуу, ошондой эле балдарынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлердин үй-бүлөрүнө гуманитардык жана акчалай жардам көргөзүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/shumkar-atajyn-bagyttagy-polkunun-ayaldar-keesh-gumanitardyk-zhardam-krgzsht



Добавить комментарий