Шотландияда жасалып, ал жакта тигилген боз үй
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу Instagram баракчасына Шотландияда жасалып, ошол жакта тигилген боз үйдүн сүрөтүн жарыялады.
Анда боз үйдүн ичинде кишилер отуруп, тамактанып жатканын көрүүгө болот.
"Бул боз үй Шотландияда жасалган. Пол Миллард деген Эдинбургдук мырза Кыргызстандын боз үйүн көрүп, шыктанып, өзүнүкүн жасай баштаган. Бул жаатта ийгиликтүү ишкерликти алып бара жатат десек болот. Кимде ким боз үйдү буга чейин жасап келсе, анын иштеп чыгуу ыкмаларын билсе жана Шотландияга 6 айлык мөөнөткө чейин барып, ыктыярчы болуп, анын ишине жардам берем десе, байланышкыла. Байланыштырам", - деп жазды ал.
Ссылка: https://barometr.kg/shotlandiyada-zhasalyp-al-zhakta-tigilgen-boz-j
Добавить комментарий ×