Шойгу Россиянын борборун Сибирге көчүрүүнү сунуштады

6 август 2021 10:41 1225 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын борборун Сибирге көчүрүү керек, мындан тышкары аймакта ар биринин калкы 1 миллионго жете турган беш жаңы шаар куруу зарыл. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу министрликтин сайтында маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

“Биз Сибирге үч, эң жакшысы беш ири илимий-өнөр жай жана экономикалык борбор боло турган шаарларды курушубуз керек. Шаарларды гана курбастан борборду дагы ал жакка көчүрүү кажет”,-деп айтты Шойгу Россиянын илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн илимий коомчулугу менен жолугушкан кезде.

Ошол эле маалда министр Совет мезгили кулардын алдында мындай план болгонун кошумчалады. “Тилекке каршы белгилүү себептерден улам долбоор токтоп калган”,-деп жүйө келтирди министр.

Ссылка: https://barometr.kg/shojgu-rossiyanyn-borborun-sibirge-kchrn-sunushtady



Добавить комментарий