Шевченко менен Мерфи көз караштар таймашын өткөрдү (видео)

24 сентябрь 2021 12:30 2194 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Лас-Вегас шаарында UFC 266 турниринин катышуучуларынын көз караштар таймашы жана басма сөз жыйыны болду. Бул тууралуу UFC Russia булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Турнир эртең 25-сентябрда болот. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфи менен беттешет.

Көш караштар таймашында атаандаштар бири-бирин 10 секундадан ашык карашты.Эки атаандаш кол алышып коштошкон жок.  

Басма сөз жыйынында Мерфи буга чейин Шевченко андай атаандаш менен беттешип көрө электигин, Валентинаны бир аз аяп жатканын айтты.

Шевченко колунан келгенин жасай турганын жана үйгө чемпиондук куру менен кайтарын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/shevchenko-menen-merfi-kz-karashtar-tajmashyn-tkrd-video



Добавить комментарий