Шашылыш эскертүү: 31-мартта үшүк жүрөт

27 март 2019 16:59 1228 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 28-29-мартта туруксуз аба ырайы күтүлүп жатат. Өлкөнүн көп аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондордо жаандын арты карга айланат Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.

Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад обалсттарында жана Ысык-Көл областынын чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.

31-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад областтарында абанын температурасы 0…-2° градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындай температура жаңы гүлдөп жаткан мөмө бактарына зыян алып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-31-martta-shk-zhrt



Добавить комментарий