Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондорго жана унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт
3-марттан 5-мартка чейинки туруксуз аба ырайынан улам тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, 3-мартынан 5-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Добавить комментарий ×