Шашылыш билдирүү! 24-январга чейин жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

22 январь 2021 17:17 1761 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылдын 22-январынан 24-январына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, 22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 22-24-январларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

23-24-январларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Баши районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 22-январынан 25-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-22-24-yanvarga-chejin-zhaan-chachyn-katuu-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий