Шарабидин Токтосунов: Сот боло электе эле Садыр Жапаровго ким чечим чыгарды?

19 июнь 2018 21:50 2786 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаты Шарибидин Токтосунов саясатчылар жана адвокаттар Жогорку Соттон арызыңды алып кой деп эскертишкен, бирок биз макул болгон эмеспиз. Алар сот боло электе эле  Жапаровго чечим кабыл алынып калган дешкен. Айткандары туура чыкты. Бирок, ким сотсуз чечим чыгарды, деген суроо менен социалдык баракчасынан жараандарга кайрылды.

"Мен бүгүн Бишкек шаарында жүрүп көптөгөн адамдарга жолуктум, алардын мага биринчи эле жолдогон суроосу эмне учун Садыр Жапаровту Жогорку сот актаган жок деп сурашты. Кыргыз эли Садыр Жапаровтун акталышын гана күтүп жаткан экен. Алар бийлике жана сотторго болгон нааразычылыгын айтышты. Мен бир суроого жооп таба албай жатам Жогорку Сот Садыр Жапаровтун ишин карап баштаганда эле эң көрүнүктүү саясатчылар, бир топ адвокаттар мага келишип Садыр Жапаровтун өкүмүн күчүндө калтырат экен, арызыңды алып кой деп айтышты. Эмне биз эмне айтаарыбызды укпай туруп эле, мурда эле чечип койушканбы? Ал саясатчылар, адвокаттар кайдан билишти? Аларга ким айтты? Анда эмне 4 жолку соттук отурум жөн эле оюунбу? Сот аяктаганда ошол жерде бир аял адвокаттар эмнеге арызды алып кой десе албайсыңар силер күнөөлүсүңөр деп жүрдү. Мен жооп таба албай койдум жооп берип койуңуздарчы?", - деген суроону салды адвокат.

Ссылка: https://barometr.kg/sharibidin-toktosunov-sot-bolo-elekte-ele-sadyr-zhaparovgo-kim-chechim-chygardy



Добавить комментарий