Шарабидин Токтосунов: Атамбаевдин кол тийбестигин алууда Садыр Жапаровду чакыруу керек
Экс-депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик статусунан ажыратуу тууралуу түзүлгөн комиссиянын иши тууралуу өз пикирин социалдык баракчасына бөлүштү.
“Эгерде Парламент Атамбаевге сотторго буйрук берип саясий куугунтук жасаган деген айып койбосо, анда тузу жок шорподой таасир калтырат. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр тузу жок шорпону ким ичет. Ошондуктан Атамбаевге коюлган айыпты да эч ким мыйзам ченемдүү деп кабыл албайт. Кечээ парламенте Атамбаевдин учурунда камалып жаза мөөнөтүн өтөп бүттү деп бошогон саясатчыларды сурашты, эмне үчүн ушул комиссия абакта жаткан кыргыз элинин байлыгын сактап калам деген, кыргыздын байлыгы кыргызга иштесин деген мекенчил Садыр Жапаровко барып андан сурашкан жок, Атамбаевдин көп нерсесин билген Бишкекте кардиологияда жаткан Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн сурашкан жок. Алар эмне мыйзамдуу соттолгонбу? Парламенттик комиссия шашпастан, ката кетирбестен баардыгын коомчулукка ачык айкын изилдеп көрсөтүп Атамбаевди жоопко тартса бир эле кыргыз эли эмес, бүткүл дүйнө жүзү ишенмек. Азыркы жасап жаткан иштери тузу жок шорподой болуп калды”,-деп жазды Токтосунов.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча комиссиянын жыйыны өткөн.
Добавить комментарий ×