Шайлоонун саат 8:00го карта алдын ала жыйынтыгы. Садыр Жапаров 79,2% менен алдыда

11 январь 2021 09:49 1328 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүлдү. БШКнын маалымат кызматы 11-январь саат 8:00го карата алдын ала жыйынтыктарын сайтка жарыялады.

Шайлоочулардын тизмесине 3 563 574 шайлоочу катталган. Шайлоодо 2 474 шайлоо участогу болсо, анын 48и чет өлкөлөрдө болгон.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, 11-январь саат 8:00гө карата Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары:

Кандидаттар АЭС  Кол менен эсептөө
Садыр Жапаров 1 117 041 79.2% 480 398 83.75%
Канатбек Исаев 8 212 0.58% 2 112 0.37%
Мыктыбек Арстанбек 23 631 1.68% 7 303 1.27%
Клара Сооронкулова 14 109 1% 3 398 0.59%
Имамидин Ташов 16 729 1.19% 7 642 1.33%
Абдил Сегизбаев 20 806 1.48% 5 831 1.02%
Адахан Мадумаров 94 324 6.69% 30 373 5.3%
Аймен Касенов 12 861 0.91% 3 388 0.59%
Улукбек Кочкоров 9 433 0.67% 3 635 0.63%
Женишбек Байгуттиев 1 342 0.1% 226 0.04%
Эльдар Абакиров 7 052 0.5% 1 901 0.33%
Курсан Асанов 7 073 0.5% 2 131 0.37%
Арстанбек Абдылдаев 1 158 0.08% 521 0.09%
Равшан Джеенбеков 2 686 0.19% 1 055 0.18%
Бактыбек Калмаматов 6 999 0.5% 2 978 0.52%
Бабыржан Тольбаев 33 631 2.38% 8 613 1.5%
Каныбек Иманалиев 2 506 0.18% 715 0.12%
Баарына каршы 19 226 1.36% 5 259 0.92%


10-январь саат 20:00гө карата башкаруу формасы боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын катышуусу 39,88% түзүп, 1 421 035 адам добуш берди.

Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум сунушталды. Бюллетенде үч вариант бар: президенттик, парламенттик же баарына каршы тандоо.

                                                                               АЭС    Кол менен эсептөө
Президенттик 1 146 932 80.99% 467 826 85.57%
Парламенттик 154 947 10.94% 44 319 8.11%
Баарына каршы 63 022 4.45% 21 246 3.89%

Ссылка: https://barometr.kg/shajloonun-saat-800go-karta-aldyn-ala-zhyjyntygy-sadyr-zhaparov-792-menen-aldyda



Добавить комментарий