Шайлоонун саат 20:10го карата алдын ала жыйынтыгы: Садыр Жапаров 79,81% менен алдыда
Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялана баштады. БШКнын сайтындагы эсепке ылайык, Садыр Жапаров башка талапкерлерден кыйла алдыда келе жатат.
Саат 20:15 теги маалыматка караганда Садыр Жапаровду шайлоочулардын 75% көбүрөөгү колдоду. Андан кийин Адахан Мадумаров 6,35% менен, Бабыржан Төлбаев 2,03% келе жатат.
Кандидаттар АЭУ Кол менен эсептөө
Садыр Жапаров 802 153 78.24% 0 0%
Канатбек Исаев 6 113 0.6% 0 0%
Мыктыбек Арстанбек 15 036 1.47% 0 0%
Клара Сооронкулова 9 458 0.92% 0 0%
Имамидин Ташов 12 187 1.19% 0 0%
Абдил Сегизбаев 14 340 1.4% 0 0%
Адахан Мадумаров 65 432 6.38% 0 0%
Аймен Касенов 8 805 0.86% 0 0%
Улукбек Кочкоров 7 184 0.7% 0 0%
Женишбек Байгуттиев 910 0.09% 0 0%
Эльдар Абакиров 4 602 0.45% 0 0%
Курсан Асанов 4 925 0.48% 0 0%
Арстанбек Абдылдаев 812 0.08% 0 0%
Равшан Джеенбеков 1 934 0.19% 0 0%
Бактыбек Калмаматов 5 339 0.52% 0 0%
Бабыржан Тольбаев 21 209 2.07% 0 0%
Каныбек Иманалиев 1 585 0.15% 0 0%
Баарына каршы 12 564 1.23% 0 0%
Ал эми, мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумду "президенттик башкарууну" колдогондор 80% тегерегинде.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда.
Президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берчү кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Саат 18:00гө карата алардын 33% көбү катышты.
Референдумга:
президенттик;
парламенттик;
барына каршы деген варианттар коюлган.
Кыргыз Республикасынын президенттик кызматы үчүн 17 талапкер ат салышууда
Добавить комментарий ×