Шайлоо 2020: Токмок шаарында эки айда 6 745 киши каттоого турган

24 февраль 2020 13:32 598 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башкы прокуратура жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жарандарды тобу менен бир жерге туруктуу каттоого алуу фактысын иликтеп, Токмок шаарына эле январь-февраль айларында 6 745 киши каттоого турганын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Чүй облусундагы каттоо кызматынын бөлүмчөлөрүндө иштегендер үй ээсинин кабары жок эле ал жакка башка кишилерди туруктуу каттоого алган. Токмок шаардык прокуратурасы бир нече дарекке мыйзамсыз каттоого алынган 150дөн ашык учурду аныктаган.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Кемин жана Аламүдүн районундагы калкка паспорт берүү жана каттоо бөлүмдөрүн текшерүү учурунда эки миңден ашык киши Токмок шаарына каттоого алынганы аныкталган. Анын 300үндө тийиштүү документтери дагы болгон эмес.

Учурда прокуратура органдары “Ички миграция жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп жатат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/shajloo-2020-tokmok-shaarynda-eki-ajda-6-745-kishi-kattoogo-turgan



Добавить комментарий