Бишкекте 30дан ашуун усталар, дизайнерлер, сүрөтчүлөр катышкан жаңы жылдык белектердин жарманкеси ачылат
Бүгүн, 21-декабрда Курманжан Датканын эстелигинин жанында саат 13:00дө жаңы жылдык белектер жарманкеси старт алат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова Barometr.kg сайтына маалымат берди:
“Жарманкеде жаңы жылдык белектерди, колго жасалган өзгөчө жасалгаларды, карагай оюнчуктарды, кийизден, жибектен, керамикадан, шурудан жана чоподон жасалган жасалгаларды, этникалык кийимдерди жана башка көп нерселерди сатып алууга болот”- деди Алманбетова.
Кошумчалай кетсек Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан келген 30дан ашуун усталар, дизайнерлер, сүрөтчүлөр ошол жерде өз иштерин көрүүчүлөргө тартуулашат.
Мындан тышкары бул жарманкенин ачылышы маданий шоу-программа менен коштолот. Аталган иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек мэриясы жана усталарды колдоо ассоциациясы болуп саналат. Жарманке 23-декабрга чейин уланат.
Ссылка: https://barometr.kg/shaar-turgundary-chn-bishkekte-zhay-zhyldyk-belekter-zharmankesi-achylat
Добавить комментарий ×