Бишкекке 23-сентябрда вакансиялар жарманкеси өткөрүлөт
Бишкекте 23-сентябрда бош орундар жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Бишкек шаардык жумуштуулукка көмөк көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева брифингде билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
“Ушул аптада, 23-сентябрда Бишкек шаардык башкармалыгы Чоңдорду окутуу ассоциациясы менен биргеликте бош орундар жарманкесин өткөрөт. Ал саат 13:00дө "Ала-Тоо" кино театрынын жанында болот. Баардык каалоочуларды чакырабыз. Биз Бишкек боюнча 3 миңдей бош орун жана республика боюнча миңдей вакансия сунуштайбыз”,-деп айтты адис.
Ошондой эле жарманкеде кесипке багыт боюнча иш-чаралар болот.
Эскерте кетсек, акыркы жолу мындай жарманке 2020-жылы февраль айында коронавирус пандемиясы башталганга чейин болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-23-sentyabrda-vakansiyalar-zharmankesi-tkrlt
Добавить комментарий ×