Сентябрь айында Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары өтөт
Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү комитети түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, Оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданийц иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.
Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Р.Алканов атындагы ипподромдо өтөт.
Учурда Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/sentyabr-ajynda-talasta-uluttuk-kchmndr-oyundary-tt
Добавить комментарий ×