Семиз аял жигитин басып жыгылып, тумчуктуруп өлтүрдү

16 май 2019 09:37 8213 Barometr
Бөлүшүү:
ok

44 жаштагы Уинди Томас ашыкча салмагынын айынан 36 жылга чейин абакта отурганы калды. Бул тууралуу bigpicture.ru кабарлады.

Бл окуядан соң ашыкча салмак жашоого терс таасир этеринен эч ким шектенбей турган болду окшойт. Семиздик өз ээсин эле эмес, башкаларга да өлүм алып келери АКШнын Пенсильвания штатындагы Эри шаарындагы окуяда белгилүү болду.

Жубайлар ортосунда болчу уруш өздөрү жашаган короодо башталып, 44 жаштагы Уинди Томас жигити Кин Батлерге ашкана бычагы менен кол салган.

Салмагы 50 килограмм эркек кыз менен жашташ болгону менен салмагына тең келе алган жок. Бирок ачууланган Уиндинини ошол кезде жүк ташуучу поездден башка эч ким токтото алмак эмес. Башка көзгө жеген жигит качып кетүүгө аракет кылган. Бирок Уинди аны колго түшүрүп, көкүрөгүнө отуруп алган. Жан берген Кин Батлерге дем жетпей калганын дарыгерлер аныкташты.

Ссылка: https://barometr.kg/semiz-ayal-zhigitin-basyp-zhygylyp-tumchukturup-ltrd



Добавить комментарий