Сегиз жаштагы кызын эркектерге эс алуу күндөрү сатып жүргөн эне кармалды

15 апрель 2019 15:37 24533 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аял 8 жаштагы кызын жекшемби күндөрү эркектердин жеке колдонуусуна берип жүргөн. Мындай арыз менен Санкт-Петербургдун полициясына шаар тургуну кайрылып мурдагы аялын күнөөлөдү. Бул тууралуу «78» порталы маалымдады.

Ажырашкандан кийин эркек кишиге сот кызы менен көрүшүүгө тыюу салган, болгону бейшемби сайын эки саатка сүйлөшүп турууга уруксат берген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин улуу баласы алардын апасы чоң адамдар менен кызды жеке колдонууга берүүнү талкуулаган кат алышууларды жазып жатканын айтып, алардын скиншотун атасына жөнөткөн.

Аялдын көңүлдөшү менен кат жазышкандан кийин эркек киши анын кызын мурдагы аялы 5-10 миң рублдан эркектерге жекшемби күндөрү бере турганын аныктаган.

Учурда текшерүү иштери башталды.




Ссылка: https://barometr.kg/segiz-zhashtagy-kyzyn-erkekterge-es-aluu-kndr-satyp-zhrgn-ene-karmaldy



Добавить комментарий