Сасык тумоолоп калганда кандай дары ичиш керек? Адистин жообу

5 март 2021 12:16 3789 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаздын келиши менен сасык тумоого чалдыккан чоңдор жана балдар көп кездешет. Адатта, сасык тумоо дене табынын көтөрүлүшү менен коштолот. Испаниянын “Наварра” университетинин дарыгерлери температураны төмөндөтүүгө кайсы дары эң жакшы жардам берерин айтып беришти. Бул тууралуу  20 minutos сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Адистердин айтымында, дене табы көтөрүлгөн учурунда парацетамол жана ибупрофен сыяктуу дары-дармектер көп колдонуларын аныкташты. Бирок, алар бул дары-дармектердин ар кандай касиетке ээ экендигин айтышып, белгилерине жараша ичүүгө кеңеш беришет.

Дарыгерлердин айтымында, парацетамол ибупрофенден айырмаланып, сезгенүүгө каршы касиети жок.

Ошентип, адистер ибупрофен стероиддик эмес дары-дармектер тобуна кирет деп түшүндүрүшкөн.

"Ибупрофенди ар кандай себептерден улам пайда болгон жеңил же орточо ооруну, ошондой эле  температуранын жогорулашын түшүрүүдө колдонсо болот", - деп кошумчалады Cinfa Laboratories фармацевтикалык компаниясы.

Мадриддин расмий фармацевттер колледжинин маалыматы боюнча, бул дары мигрен сыяктуу жеңил же орточо ооруга, сасык тумоого, ревматизмдик шарттарды симптоматикалык дарылоого же ревматикалык эмес оорулардын белгилерин жеңилдетүүгө арналган.

Парацетамол жөнүндө айта турган болсок, дарыгерлер аны сасык тумоо менен байланышкан жеңил же орточо ооруну, мисалы, сасык тумоо сыяктуу ооруларды дарылоодо эң сонун дары деп аташкан.

Эксперттер парацетамол ибупрофенге салыштырмалуу терс таасирлерди алып келбейт деп белгилешти, бирок ашыкча дозада колдонсо башка органдар, мисалы, боор жабыркашы мүмкүн.

Ошентип, эксперттер эки дары тең адам үчүн коопсуз деген жыйынтыкка келишет, бирок температура сезгенүү жана катуу оору менен коштолсо, ибупрофенге артыкчылык берүү сунушталат.


Ссылка: https://barometr.kg/sasyk-tumoolop-kalganda-kandaj-dary-ichish-kerek-adistin-zhoobu



Добавить комментарий