Сары май шлактарды жана токсиндерди эритүүчү касиетке ээ
Сары май – майды ээритип, чыпкалоо жолу менен алынган май. Анда ак майга караганда суусу аз болгондуктан көп убакытка чейин сакталат. Бул тууралу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Сары майдын негизги пайдалуу касиети анын адам организминде тамак сиңирүүнүн энергиясын жогорулаткандыгы болуп саналат. Ал боорго шлак жеткирбестен, тамак сиңирүүгө жардам берет. Репродукциялык системага, интеллектке жагымдуу таасир берип, нерв системасына, ошондой эле адамдын ткандарына да оң таасир тийгизет, ой жүгүртүү процессин, эске тутууну жакшыртат. Ал активдүү радикалдар менен күрөшөт, ал эми аны күн сайын колдонуу организмден токсиндер менен шлактарды алып чыгат!
Сары майды косметикалык максаттарда колдонууда да керемет күчкө ээ. Ал теринин майда тешикчелери аркылуу тез өткөндүктөн, териге жакшы сиңет. Тери алдындагы катмарлардагы жыйналган туз шлактарын жана токсиндерди эритет. Ошондуктан сары май пайдаланылган процедуралардан кийин тери назик, жылмакай жана жупжумшак болуп калганын байкоого болот.
Сары май айрыкча жаздын шамалдуу жана муздак күндөрүндө пайдалуу. Мурундун былжыр чели кургап калганда мурундун ичин сары май менен майлап койсо, инфекциядан жана суук тийип ооруп калуудан сактайт.
Ссылка: https://barometr.kg/sary-maj-shlaktardy-zhana-toksinderdi-eritch-kasietkee-ee
Добавить комментарий ×