Сары-Челек коругунда браконьерлер маралды өлтүрүшкөн
Бөлүшүү:
Сары-Челек биосфералык коругунда браконьерлер маралды өлтүрүшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, «Туура-Арык» участогунда мыйзамсыз атып алган маралдын этин бөлүшүп жаткан кишилер кармалган.
“Алар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болуп чыкты. Текшерүү маалында ок аткан курал табылган жок. Маралдын башы, териси жана эти далил катары алынды.Кызыл китепке кирген жанбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилет”,-деп билдиришти ведомстводон.
Ссылка: https://barometr.kg/sary-chelek-korugunda-brakonerler-maraldy-ltrshkn
Добавить комментарий ×