Сапаргүл Абдинабиева: Кыргызстандан чыгарылган миллиондорду Улан иликтеп баштаган
Кытай жараны Сайматинин өлүмү тууралуу иликтөө тууралуу маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева да үн катты.
Сапаргүл өзүнүн facebook баракчасына Улан Эгизбаевдин “Азаттык” радиосунда жасаган видео иликтөөсүн бөлүшүп: “Улан баштаган жол...”, - деген билдирүү менен жарыялады.
Эскерте кетсек, Кытай жараны Айэркен Саймаити, Кыргызстандан чыгарылган миллиодор боюнча “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин биргелешкен кезектеги иликтөөсү кечээ жарыкка чыкты. Бул коомчулукта резона́нс жаратты.
Иликтөөнүн соңку чыгарылышында Кыргызстандын бажы тармагындагы мурдагы чоңдордун катышы жана көмүскө жүк ташуу системасынан бажы кызматына эбегейсиз көлөмдө пара акча агылып турганы көрсөтүлгөн.
Добавить комментарий ×