Сапар Исаков УКМКдагы камак жайдан ооруканага которулду

16 август 2019 19:35 1016 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек Жылуулук электр борбордогу (ЖЭБ) жана бир катар коррупциялык иштерге шектелип камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканага которулду. Кайсы ооруканага экени айтылган жок.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин атайын өкүлү Рахат Сулайманов “baromter.kg” сайтына билдирди.

Экс-премьер министрдин ден соолугу начарлаган. Мындан улам  дарыгерлер консилиум өткөрүшүп, ага “кырарка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлгандан соң ооруканага которуу чечими кабыл алынган.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коорупцияга тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/sapar-isakov-ukmkdagy-kamak-zhajdan-oorukanaga-kotoruldu



Добавить комментарий