Сапар Исаковдун ден-соолугун текшерүүнү акыйкатчы сунуштады

20 сентябрь 2019 09:42 1240 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Акыйкатчы Токон Мамытов Сапар Исаковдун саламаттыгын текшерүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигине сунуш менен кайрылды. Учурда мурдакы премьер-министр УКМКнын тергөө абагында. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден кабарлады.

Сапар Исаковдун адвокаттары анын ден-соолугу боюнча акыйкатчыга кайрылышкан.

Ал кайрылуунун негизинде акыйкатчы Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, мурдагы премьердин ден соолугун текшерип чыгууга чакырды.

Буга чейин Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыкты. Исаковдун адвокаттары мурдагы премьердин ден соолугу калыбына келбей жатканын айтышууда.

Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалууда. Ал Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу, Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоодогу мыйзам бузуу боюнча айыпталууда. Бул иштер боюнча соттор иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/sapar-isakovdun-den-soolugun-tekshern-akyjkatchy-sunushtady



Добавить комментарий