Сантехникмин деп үйгө алдап кирген киши тогуз жаштагы кызды зордуктап кетти

1 апрель 2019 15:08 11103 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Нур-Султан шаарында тогуз жаштагы кызга зомбулук көрсөтүлгөн чуулгандуу окуяга байланыштуу сот аяктады. Буга чейин дал ушундай кылмыш кылып 12 жыл түрмөдө жатып келген кылмышкер дагы 17 жылга кесилди. Бул тууралуу «Евразия» Биринчи канал булагы кабарлады.

Иштин материалдарына караганда эркек киши түшкү тамак ичип жаткан маалда мектеп окуучусун көрүп калып артынан акмалап ээрчип жөнөгөн.

Кыз көп кабаттуу үйдөгү квартирага кирип кеткенде, эшикти кагып сантехникмин деп айткан. Кыз эшикти ачары менен үйдө башкалар жогун билгенден кийин кызга зомбулук көрсөткөн.

Кылмышкердин аялы бар болгон, Нур-Султандагы курулуш фирмасында кранчы болуп эмгектенген. Ал мындай кылмышка барбаганын айтууда.

Судья Кажымукан Мекемтас билдиргендей айыпкердин  күнөөлүү экенин тастыктай турган далилдер көп. Педофил 17 жылга соттолду.

Буга чейин дагы дал ушундай кылмыш менен 12 жыл түрмөдө отуруп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/santehnikmin-dep-jg-aldap-kirgen-kishi-toguz-zhashtagy-kyzdy-zorduktap-ketti



Добавить комментарий