Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы дайындалды

15 июль 2020 16:41 527 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Самтыров Ногайбек Жапанбекович Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына таянып «Барометр» билдирет.

Бүгүн, 15-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер - Бообеков Бекжан Калмурзаевич, Самтыров Ногайбек Жапанбекович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлгөн жана катталган.

“Шайлоого айылдык кеңештин 21 депутатынан 19 депутаты катышты. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын жашыруун добуш берүүсүнүн натыйжасы боюнча Самтыров 12 добуш, Бообеков 4 добуш алган. “Бардык талапкерге каршы” позициясына 3 депутат добуш берген», - деп айтылат маалыматта.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Самтыров Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Ссылка: https://barometr.kg/samtyrov-nogajbek-zhapanbekovich-logvinenko-ajyl-kmtnn-bashchysy-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий