Самбо боюнча кыргыз спортчулары өлкөгө жеңиш менен кайтып келишти

9 июнь 2022 13:44 5245 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Самбо боюнча Азиянын чемпиондору өлкөгө ийгиликтүү кайтып келишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн 9-июнда самбо боюнча Азия биринчилигинде ийгилик менен кайткан спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. 

Белгилей кетсек, атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын улук сержанты Бекболсун Керимбеков алтын медаль жана «Динамо» спорт клубунун тарбиялануучусу Таласбек Нуралиев күмүш медалга ээ болушкан.

"Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков, машыктыруучулар жана спортчулардын жакындары катышышты", - деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, самбо боюнча Азия биринчилиги 2-4-июнь күндөрү Ливан өлкөсүндө болгонБекболсун Керимбеков 98 кг салмакта, ал эми, Таласбек Нуралиев 98 кг салмакта күч сынашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/sambo-boyuncha-kyrgyz-sportchulary-lkg-eki-medal-utup-kelishti



Добавить комментарий