Самат Курманкулов азырынча сүйлөй элек

23 сентябрь 2019 12:06 1486 1 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов азырынча сүйлөп баштай элек, бирок, оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдады.

Эске салсак, Алмазбек  Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө башынан катуу жаракат алган Самат Курманкулов Москвадагы реабилитациялык борборлордун биринде дарылануусун улантып жатат.

Буга чейин ал өз алдынча дем алып баштаган бирок азырынча сүйлөй элек, бирок, жылыш бар деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул күндөрү жеке резервдик фондунан Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион 462 миң 691 сом бөлнү белгилүү болду. Бул маалыматты өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы ырастады.

Ссылка: https://barometr.kg/samat-kurmankulov-azyryncha-sjlj-elek



Добавить комментарий